COVID-19 өлүмүнүн негизги факторлору Изилдөөчүлөр 17 миллион британдыктардын маалыматтарын талдап чыгышкан, алардын ичинен 11 000 адам коронавирустан көз жумган.
Изилдөөчүлөр 17 миллион британдыктардын маалыматтарын талдап чыгышкан, алардын ичинен 11 000 адам коронавирустан көз жумган.
Жаш курак жана өнөкөт оорулардан тышкары, башка дагы маанилүү жана коркунучтуу факторлор бар. Улуу Британияда Оксфорд университетинин изилдөөчү тобу COVID-19 илдетиндеги өлүмгө алып келе турган коркунучтуу факторлорду аныкташты.
Изилдөөчүлөр Улуу Британиядагы 17,2 миллиондон ашык чоң кишилердин медициналык маалыматтарына анализ жүргүзүшкөн. Алар онлайн түрдөгү ачык булактарда жана купуя турдөгү жарандардын маалыматтары болгон. Алардын ичинен 10 926 адам коронавирустан көз жумган. Жыйынтыктары Nature журналына жарыяланган.
Изилдөө тобунун айтымында, Лондон гигиена жана тропикалык медицина мектебинин жетектөөчүсү Лиам Смит менен Оксфорд университетинин өкүлү Бен Голдакрдын айтуусунда Covid-19 илдетиндеги өлүм көрсөткүчтөрүнө түрдүү факторлор таасир эткен. Бул илдетти жуктуруп алуу коркунучунун жогору экендигине жана илдеттин оор түрүнө кабылгандыгына байланыштуу болгон.
Аныкталган коркунучтуу факторлор:
Эркектер;
Улгайган адамдар;
Жакырлар же социалдык экономикалык абалы төмөндөр;
Өнөкөт оорулары барлар ( кант диабети, астма жана аутоиммундук оорулуулар);
Теринин өңү дагы коопту факторго кирген. Каралар менен азиялыктар коронавируска туруштук бере алышпайт.
Илимпоздор азырынча изилдөөнүн жыйынтыгына түшүндүрмө бере элек. Алар калктын аялуу катмары жана раса өкүлдөрүн коркунучтуу факторго кошкондуктары боюнча аныктама бере алышкан эмес. Алардын оюнча бул маселе дагы изилдениши керек.
Коронавирус териде 9 саатка чейин жашайт. Сасык тумоонун вирусу 2 эле саат: Жапон изилдөөсү боюнча жаңы коронавирус кишинин терисинде кадимки сасык тумоонун вирусуна караганда көпкө чейин жашоого ыктымал.
Коронавирус живет на коже до 9 часов. Вирус гриппа только 2 часа: Согласно японскому исследованию, новый коронавирус может выжить на коже человека значительно дольше, чем вирус гриппа.
Covid-19: Германияда изилдөө. Желдетүүнү талап кылган бейтаптардын жарымына жакыны гана аман калган. Илимий изилдөө Германиянын бир ооруканасында Ковид-19 бейтаптарын дарылоонун ийгилигин көрсөтөт.
Ковид-19: Исследование в Германии. Только около половины пациентов, которым нужна была вентиляция, выжили. Научное исследование описывает успех, с которым пациенты Ковид-19 проходили лечение в больнице в Германии.
Исследование, проведенное группой исследователей из Австрии, сравнило данные из 76 регионов. Эти результаты важны для борьбы с возможной второй волной COVID-19
Мектептердин жабылышы жана социалдык дистанция эң эффективдүү.
Австриянын изилдөөчүлөрү менен жүргүзүлгөн иш 76 аймактын маалыматтарын салыштырды.
Бул жыйынтыктар COVID-19 экинчи толкунуна каршы күрөшүү үчүн зарыл.