13.11.2020
Финляндияда акыркы эки жуманын ичинде 100 000 жашоочуларга жаңы корона инфекциялангандардын саны 45,7 болду. Бул Европа боюнча эң төмөнкү көрсөткүч. Ошол эле убакта башка европалык өлкөлөрүндө жаңы жугуштуу учурлар көбөйсө, бул жерде азайып жатат. Ошол эле учурда Финляндияда жашоо дээрлик кадимкидей жүрөт, ал эми башка көп европалык өлкөлөрдө жашоо кескин чектелген. N-TV немис журналдагы макала негизинен финдердин токтоо менталитетинен жана өлкөнү санариптештирүүдөн көрөт. Ошону менен кошо эл мамлекеттик бийликке өтө ишенет. Мынай көрүнүш Тундүк Европанын башка өлкөлөрүнө да таандык (Швеция, Дания, Норвегия, Исландия).
Мартта өлкөдө эки айлык карантин киргизилген болчу. Ошол убакта Хелсингиге башка райондордон же Хелсинкиден башка райондорго саякаттоо мүмкүн эмес эле. Андан кийин жашоо өз нугуна түштү. Бүгүн маска кийүү боюнча сунуш бар, бирок милдеттенме эмес. Ошол эле учурда, өлкөдө инфекцияны натыйжалуу тестирлөө жана көзөмөлдөө тутуму бар. Жугуштуу инфекцияга көз салуу үчүн "Corona flash" мобилдик тиркемени 5,5 миллион финдердин 2,5 миллиону колдонот. Жумуш жана окуу да тез арада үй кеңсесинде алыстан иштөөгө которулду. Бул Nokiaнын мекени үчүн кыйынчылык түзгөн жөк.
Ресторандар дагы жарым эсе көп мейманга уруксат берилсе дагы, ачык бойдон турат. Көпчүлүк ээлер кышкы багы бар ачык мейкиндикти камсыз кылышкан.
Финляндиянын менталитети дагы маанилүү ролду ойнойт. Мисалы, Түштүк Европада жашагандардан айырмаланып, финдиктер алысыраак болушат жана үй-бүлөсү менен жалгыз калууну жактырышат. Финляндиянын экономикасы 2020-жылдын экинчи чейрегинде 6,4 пайызга төмөндөгөн. Бул ЕСтин орточо көрсөткүчүнө салыштырмалуу төмөн (14 пайыз). Швециянын моделинен айырмаланып, Финляндиянын коронавирус саясаты буга чейин эл аралык деңгээлде көңүл бура элек. Ошол эле учурда, бир өлкө башка өлкөлөр үчүн көптөгөн кызыктуу сунуштарды бере алат.В Финляндии количество новых случаев инфицирования за последние две недели составило 45,7 случая на 100 000 жителей. Это самый низкий показатель в Европе. В то же время количество новых случаев заражения падает, тогда как в большинстве других европейских стран оно растет. При этом жизнь в Финляндии протекает почти нормально, тогда как в большинстве европейских стран жизнь жестко ограничена.
N-TV.de журналындагы түпнуска макала: https://www.n-tv.de/panorama/Finnlands-stiller-Sieg-gegen-die-Pandemie-article22150904.html
EDUVISO GmbH
Internationale
Fachkräfteentwicklung
Semperstr. 3a
01069 Dresden
Sachsen / Saxony / Germany
Copyright © 2024
Alle Rechte vorbehalten.
© All rights reserved.